Курс НБ на 27.11.2020 $84,7990 €101,0465

Кышкы триатлон: Требунскийдин күмүш байгеси

Спорт
23 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
524
Кыргызстандык Александр Требунский кышкы триатлон боюнча Татарстандын борбору Казань шаарынын биринчилигине катышып 2-орунду ээлеп кайтты. Требунский 1998-2001-жылкы туулган жаштар арасында жарышка түштү. Алар алгач 2 чакырым аралыкка чуркап, велосипедчен 4 чакырымды басып өтүшсө, мелдешти лыжа менен 3 чакырымга жарышуудан жыйынтыкташты. А. Требунский марага экинчи болуп келип күмүш байге алды. Триатлон спорту спорттун азыркы беш түрү сыяктуу эң оор сыноолорго ылайыкталган спорттук оюндардын катарына кирет.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.