Курс НБ на 13.08.2020 $77,8563 €91,4695

​Кыргызстан-Тажикстан ким утат?

Спорт
04 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
155
Футболдон 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө биринчилигине тандап алуу оюндарынын 2-баскычы эртең башталат. Кыргызстан биринчи оюнду 5-сентябрь күнү Душанбе шаарында Тажикстан курама командасы менен өткөрөт. Тажикстан тандалмасы Кыргызстан курамасы үчүн ыңгайсыз атаандаштардын бири. Тажикстан өз үйүндө тандап алуу оюндарын жеңиш менен баштоого аракеттенет. 2018-жылы Россияда өткөн биринчиликке карата тандап алуу оюндарында эки өлкөнүн командасы бир топто ойногон. Бишкекте 2:2 эсебинде тең чыгуу катталып, Душанбеде биздикилер 1:0 эсебинде утуп кайтышкан.  Биз ойногон топто Япония, Монголия жана Мьянма да бар. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.