Курс НБ на 19.06.2019 $69,7300 €78,0941

Кыргызстандын курама командасына кирген спортчулардын стипендиясы 75 миң сомго чейин көтөрүлдү

Спорт
05 - Декабрь 2018
www.erkintoo.kg
221
Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Маалыматка ылайык, стипендия спорттун олимпиадалык, паралимпиадалык, сурдлимпиадалык түрлөрү боюнча 7 категорияга, спорттун улуттук түрлөрү боюнча 3 категорияга жана спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча 4 категорияга бөлүнүп, ай сайын чегерилет.
Спорттун олимпиадалык, паралимпиадалык, сурдлимпиадалык түрлөрү:
  • I категория — 75 миң сом;
  • II категория — 60 миң сом;
  • III категория — 50 миң сом;
  • IV категория — 40 миң сом;
  • V категория — 30 миң сом;
  • VI категория — 20 миң сом;
  • VII категория — 10 миң сом;
Cпорттун улуттук түрлөрү:
  • I категория — 25 миң сом;
  • II категория — 20 миң сом;
  • III категория — 15 миң сом;
Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү:
  • I категория — 20 миң сом;
  • II категория — 15 миң сом;
  • III категория — 10 миң сом;
  • IV категория — 8 миң сом.
Ошондой эле токтомдо спортчулардын стипендиясынын мөөнөтү катышкан мелдешине жараша экендиги белгилгенген.(ЖК)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.