Курс НБ на 30.11.2020 $84,7984 €101,1815

Кыргызстандын Кубогун ким утат?

Спорт
20 - Октябрь 2020
www.erkintoo.kg
67
Футбол боюнча Кыргызстандын Кубогу үчүн болгон жарым финалдык оюндар кечээ жыйынтыкталды. “Абдыш-Ата” “Алга” клубун 1:0 эсебинде утуп финалга чыкты. “Алай” – “Нефтчи” таймашындагы негизги убакыт 1:1 менен жыйынтыкталды. 11 метрлик пенальти тебүүдө 5:3 эсебинде “Алай” утуп финалга жол алды. Эми, 22-октябрда финалда  “Абдыш-Ата” менен “Алай” талашат. Эрежеге ылайык АФК Кубогу үчүн Кыргызстандан өлкөнүн чемпиону менен Кубокту уткан команда катышат. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу