Курс НБ на 25.01.2021 $84,7671 €103,2421

Кыргызстандын Кубогун «Дордой» менен «Алай» талашат

Спорт
17 - Август 2017
www.erkintoo.kg
554
Футболдон Кыргызстандын Кубогунун финалында ойной турган командалар 16-августтагы жооптуу оюндардан соң аныкталды. Мындан бир жума мурда жарым финалдык оюндарда Бишкекте «Дордой» Кант шаарынын «Абдыш-Ата» клубун 2:1 эсебинде уткан. Канттагы жооптуу оюнда меймандар эсепти ачканы менен талаа ээлери эсепти теңөөгө жетишти 1:1. Экинчи таймда эсеп өзгөргөн жок. Эки оюндун жыйынтыгы боюнча (3:2) «Дордой» финалга чыкты.
  Экинчи жуптагы жарым финалда «Алай» жана «Нефтчи» күч сынашты. Биринчи оюн Кочкор-Ата шаарында өтүп, жергиликтүү «Нефтчи» күтүүсүз жеңишке жетишип, 3:1 сенсация жаралган. Оштогу жооптуу жолугушууда оюн аяктаарына 5 мүнөт калганча мында да 3:1 эсеби катталып турду. Бирок «Алай» тажрыйбалуулук кылдыбы 5 мүнөттө дагы 3 гол жаратып эсепти 6:1 айландырууга жетишти. Эки оюндун жыйынтыгы 7:4 болуп финалдык жолдомо «Алайга» тийди. Ошентип, финалда «Дордой» менен «Алай» кез келмей болду.
  Кыргызстандын Кубогунун финалы 23-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада өтөт. Аталган командалар Кубокту талашууда 3-ирет жолугушат. Биринчи жолу 2013-жылкы оюнда «Алай» пенальти тебүүдө гана «Дордойду» жеңип кеткен. Былтыркы беттешүүдө Кубок Бишкекте калган. Жалпысынан алганда Кыргызстандын Кубогун жеңип алуу боюнча «Дордой» рекордчу болуп эсептелет.
1992-2016-жылдар аралыгында Кубокту уткан клубдар:
  1. «Дордой»- 8 жолу
  2. СКА-ПВО – 7
  3. «Абдыш-Ата» - 4
  4. «Алга» - 2
  5. «Ак-Марал» - 1
  6. «Семетей» - 1
  7. АиК – 1
  8. «Алай» - 1
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.