Курс НБ на 27.11.2020 $84,7984 €101,1815

Кыргызстандык спортчулар Кышкы Азия оюндарында спорттун 4 түрү менен ат салышат

Спорт
20 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
549
 Жапониянын Саппоро жана Обихиро шаарларында өтө турган Кышкы Азия оюндарында спорттун 12 түрү боюнча 64 комплект медаль ойнотулат.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги маалымдагандай, анда кыргызстандык спортчулар хоккей, биатлон, көркөм муз тебүү жана тоо лыжасы боюнча ат салышат. Сегизинчи жолу өткөрүлүп жаткан кышкы Азия оюндары 19-февралдан 26-февралга чейин болот.
Кыргызстандын тоо лыжасы боюнча курама командасында 4 спортчу бар. Анын бири Сочиде өткөн Кышкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу Евгений Тимофеев. Алар 4 комплект медаль үчүн ат салышат.
Кыргызстандын тоо лыжасы боюнча курама командасы:
- Максим Гордеев;
- Евгений Тимофеев;
- Ольга Палюткина;
- Дариха Мураталиева;
- Машыктыруучу Игорь Борисов.

Булак: Turmush


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.