Курс НБ на 18.01.2021 $84,4817 €102,4848

Кыргызстандык балбан кыз А.Тыныбекова дүйнөлүк чемпионатта коло медалга ээ болду

Спорт
24 - Август 2017
www.erkintoo.kg
467
Маалым болгондой, Айсулуу 23-августта 58 кг салмакка чейинкилер арасында күч сынашып, биринчи беттеште германиялык спортчу Лаура Мертенсти, ал эми чейрек финалда нигериялык Аденийи Аминат Олувафунмилайону жеңип алды. Финалга чыгуу үчүн болгон таймашта кыргыз балбан кызы Африканын 9 жолку чемпиону жана Риодо өткөн олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Марва Амриден утулуп калды.

Коло үчүн болгон беттеште А.Тыныбекова Кытайдын спортчусу Нининг Ронг менен беттешип, биринчи айлампада аны 5:2 эсебинде утуп алса, экинчи айлампада кыргыз спортчу эсепти 4:5ке кыскартты. Ал таймаштын калган убакытында дагы эки упай алып, 6:5 эсебинде жеңишке ээ болду.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.