Курс НБ на 27.11.2020 $84,7990 €101,0465

Кыргызстанда снукер боюнча Азиянын биринчи чемпионаты өтөт

Спорт
20 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
539
Үстүбүздөгү жылы май айында Ысык-Көлдө снукер боюнча Азиянын биринчи чемпионаты өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын снукер федерациясынын башкы катчысы Шайырбек Маматокторов билдирди.
 
Анын айтымында, турнир Чолпон-Атадагы Дене тарбия жана ден-соолукту чыңдоочу комплекстин жаңы имаратында өтөт. Чемпионатка 25 өлкөдөн 150-200гө жакын спортчу катышат.
“Кыргызстандан 6 оюнчу катышат, анын үчөө – белгилүү оюнчулар Мухамед Керимдерби уулу, Калыс Сагыналиев жана Сыймык Уралиев, алар буга чейин эл аралык мелдештерге катышып келишкен. Кыргызстан буга чейин бул оюндарда өзүн сынаган жана дароо эле биздин оюнчу дүйнөдөгү мыкты 32 оюнчунун катарына кошулду”,-деди ал.
Ошондой эле, Ш.Маматокторов байге фонду 35 миң долларды түзөөрүн, бул каражаттын бир бөлүгүн бильярд жана снукер боюнча Азия ассоциациясы берип, ал эми бир бөлүгүн чемпионат өтүп жаткан өлкө бериши керектигин белгиледи.
“Биз демөөрчүлөргө үмүт артып турабыз. Ошондой эле, КРнын Өкмөтү дагы чемпионатты өткөрүүгө жардам берет. Ал майданды берип, транспорт чыгымын толугу менен өзүнө алат. Биз баарын жогорку деңгээлде өткөрөбүз”,-деп ишендирди ал.
КРнын снукер федерациясынын башкы катчысы чемпионатты өткөрүү КРда спорттун аталган түрүн өнүктүрүүнү гана эмес, Кыргызстанга туристтерди кызыкдар тараптарды тартууну шарттайт. “Бизде кыргызстанды жакшы жагынан көрсөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эгер аталган чемпионатты жогорку деңгээлде өткөрүп алсак, анда кийинки жылы бул жерде снукер боюнча дүйнө чемпионатын өткөрө алабыз. Анда дүйнөнүн 65 тен ашык өлкөсү катышат”,-деп белгиледи Ш.Маматокторов.
Ошондой эле, маалымат жыйын учурунда Снукер федерациясынын башкатчысы келечекте Борбордук Азия үчүн көп функционалдуу спорттук майдан куруу планы бар экенин айтты. “Биз бүгүн мелдеш өтчү жайдан кабар алуу жана бардык маселени жеринде талкуулоо үчүн Ысык-Көлгө чыгабыз”,-деди ал.
IBSF президенти шейх Мубарак Аль Кхайарииндин айтымында, алар Кыргызстандын чемпионатка даярдыгын текшерүү үчүн келишкен. “Бул жерде биз жакшы адамдарды жолуктурдук, иш-чара дагы жогорку деңгээлде өтөт деп ишенем. Биз Кыргызстандын снукер федерациясын колдойбуз”,-деди ал.
Өз кезегинде ABSAнын (Бильярд жана снукер боюнча Азия ассоциациясы) башкы катчысы Мишель Алькхури Кыргызстандык таланттуу спортчулар тууралуу белгиледи. “Мен Кыргызстандык таланттуу оюнчуларды көрдүм, алардын жаш экенине карабай мүмкүнчүлүктөрү бар экен. Снукер – бильярддын эң эле популярдуу түрү. Кытайда эле расмий түрдө 12 млн оюнчу катталган”,-деп кошумчалады ал.
 
Булак: «Кабар»


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.