Курс НБ на 18.01.2021 $84,4817 €102,4848

Кыргызстан КМШ оюндарына катышат

Спорт
10 - Август 2017
www.erkintoo.kg
535
9-август күнү КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде спорттун улуттук түрлөрү боюнча биринчи фестивалына жана көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) оюндарына Кыргызстан курама командасын узатуу болуп өттү. Мелдештер Россиянын Ульяновск шаарында 2017-жылдын 10-августунан 17-августуна чейин өтөт.
Иш-чарага мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов, директордун орун басары Канатбек Арпачиев, спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов, спортчулар жана машыктыруучулар катышты. Биздин спортчулар гиря көтөрүү, масс-рестлинг (таяк тартыш), самбо жана ордо менен жаа тартыштан (көрсөтмө оюндар) өлкө намысын коргошот.
Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан спортчуларды жөнөтүүгө бюджеттен 728 миң сом каралган. Ордо жана жаа атуу боюнча командаларына спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын бюджетинен 313 миң сом бөлүндү.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.