Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

Кыргызстан Азия биринчилигине барат

Спорт
17 - Октябрь 2017
www.erkintoo.kg
50
Ирандын Тербиз шаарында кичи футболдон 2018-жылы өтчү Азия биринчилигине тандап алуу оюндары 15-октябрда башталган. Биз кошулган Түштүк жана Борбордук чөлкөмдөн 7 өлкөнүн курамалары эки топко бөлүнүшкөн. Өз топторунда алдыңкы эки орунду ээлеген командалар Азия биринчилигине катышууга жолдомо алышат.
«А» тобу: Өзбекстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Непал.
«В» тобу: Иран, Тажикстан, Ооганстан
Кыргызстан курамасы Түркмөнстан тандалмасы менен ойноп, 5:3 эсебинде жеңишке жетишти. Биздикилер 0:2 менен утулуп баратып жеңип кетишти. Өзбекстан болсо Непалды 14:1 менен утту. Кечээ  кечинде биздин кичи футболчулар непалдыктарга каршы ойноп, 5:0 менен жеңип алышты.Өзбекстан Түркмөнстан таймашында 4:2 эсеби катталды. Эки оюндан кийин 6 упайдан топтошкон Кыргызстан менен Өзбекстан Азия биринчилигине жолдомо жеңип алышты.Бүгүнкү соңку оюнда Кыргызстан Өзбекстан беттешүүсүндө биздин топто ким 1- орунду ээлери белгилүү болот. Башкысы эмки жылы өтчү Азия биринчилигине жолдомо алдык.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу