Курс НБ на 18.01.2021 $84,4817 €102,4848

Кыргыз улакчылары өзбек командасын 11:2 эсебинде утуп алды

Спорт
22 - Август 2017
www.erkintoo.kg
521

Астанада өтүп жаткан көк бөрү боюнча дүйнө биринчилигинде Кыргызстан улакчылары Өзбекстандын командасын утуп алды.

Мелдештин экинчи күнүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын беттешүүсү оюн талаасында саат 12.20да башталды.

Оюндун биринчи бөлүгү 3:0 эсеби менен улуттук курама команда үстөмдүк кылып турду. Ал эми экинчи бөлүктө Өзбекстан командасы тайказанга эки улак таштай алды. Жалпы жыйынтык боюнча 11:2 эсеби менен Кыргызстан курама командасы жеңишке жетти.

Чемпионат "ЭКСПО-2017" эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында "Казанат" стадионунда өтүүдө. Ага 12 мамлекеттин командалары ат салышып жатат.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.