Курс НБ на 25.01.2021 $84,7671 €103,2421

Кыргыз спортчулары XXIX дүйнөлүк жайкы универсиадага катышат

Спорт
17 - Август 2017
www.erkintoo.kg
714
2017-жылдын 19-30-август күндөрү Тайбэй шаарында (КЭР) XXIX дүйнөлүк жайкы универсиадасы өтөт.
Аталган мелдеште кыргыз спортчулары жеңил атлетика, дзюдо, таэквондо wtf спорттун түрлөрү боюнча күч сынашат.
Кыргыз Республикасынын спорттук делегациясынын тизмеси:
1. Дарья Маслова – жеңил атлетика (10 000 м);
2. Мусулман Джоломанов – жеңил атлетика (800м, 1500 м);
3. Татьяна Борисова – жеңил атлетика боюнча машыктыруучу;
4. Баяман Сагымбай уулу – дзюдо (60 кг чейинка салмакта);
5. Кристина Нежникова – дзюдо (78 кг салмактан жогору);
6. Абас Тынаев – делегациянын жетекчиси (дзюдо боюнча машыктыруучу);
7. Марат Ниязов – таэквондо WTF (58 кг салмакка чейинки категорияда);
8. Валерий Тен –таэквондо WTF боюнча машыктыруучу;
9. Омурбек Маткеримов – дзюдо (66 кг салмакка чейинки категорияда, өзүнүн эсебинен);
10. Адилет Ганиев – дзюдо (73 кг салмакка чейинки категорияда, өзүнүн эсебинен);
11. Бакыт Джусупов – дзюдо боюнча машыктыруучу (өзүнүн эсебинен).
Кыргызстандын спорттук делегациясы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин эсебинен жөнөтүлөт. Мамагенттиктин бюджетинен 1 миллион сом каралган.
Маалымат: Универсиаданын программасына спорттун 21 түрү кирген: бадминтон, баскетбол, бейсбол, суудагы поло, волейбол, гольф, дзюдо, жеңил атлетика, стол тенниси, сууда сүзүү, сууга секирүү, роллер-спорт, спорттук гимнастика, жаа атуу, теннис, таэквондо, оор атлетика, ушу, фехтование, футбол, көркөм гимнастика.
Универсиаданын мелдештерине 1989-1999-жылы туулган спортчулар катыша алышат. Ал эми баскетбол боюнча таймашка 1993-1999-жылы туулган спортчулар катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Спорт мамагенттигинин басма сөз кызматы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.