Курс НБ на 19.09.2020 $79,0444 €93,7348

Кыргыз премьер-лигасынын оюндары 7-августа кайра жанданат

Спорт
05 - Август 2020
www.erkintoo.kg
79

Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасы саналган Кыргыз премьер-лигасынын оюндары 7-августа кайра жандана тургандыгын Кыргыз премьер-лигасынын маалымат катчысы Нурсултан Нурболот уулу “Азаттыкка” билдирген.  “4-августа, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасы саналган Кыргыз премьер-лигасынын оюндарын улантууга уруксат берди. Кыргыз футболдук союзунун чечимине ылайык мелдеш эки айлампада жана бардык оюндар Кант шаарында өтөт”, - деген  Нурсултан Нурболот уулу маек берип жатып. Маалыматка караганда 7-август күнү 1-турдун алкагында эки оюн өтүп, мында “Алай” менен “Абдыш-Ата”, “Илбирс” менен “Кара-Балта” командалары беттешет.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу