Курс НБ на 09.12.2019 $69,8500 €77,2820

​Кыргыз күрөшү боюнча Азия биринчилиги өтөт

Спорт
22 - Ноябрь 2019
www.erkintoo.kg
32
27-28-ноябрь күндөрү борборубуздагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыргыз күрөшү боюнча I ачык Азия биринчилиги өтөт. Ага 12 мамлекеттин балбандары катышат. Алар 55 кг, 60 кг, 66 кг, 74 кг, 84 кг, 96 кг, 96 кг ашык салмак боюнча күрөшөт. Кыргыз күрѳшү боюнча I ачык Азия биринчилиги эл аралык кыргыз күрѳш федерациясы тарабынан бекитилген эрежелери боюнча өтөт. Чоңдор арасында кыргыз күрѳшү боюнча Азия биринчилигин Кыргызстан биринчи жолу өткѳрүп жатат. Мелдешти өткөрүү үчүн Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын бюджетинен 2 млн 225 миң сом бөлүнгөн. (АЖ)
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу