Курс НБ на 14.11.2019 $69,8500 €76,8979

​Кумдагы футбол: 2021-жылкы дүйнөлүк биринчилик Россияда өтөт

Спорт
25 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
42
Кумдагы (пляждагы) футбол боюнча 2021-жылкы дүйнөлүк биринчилик Россияда, Москва шаарында өтмөй болду. Биринчиликти уюштурууга Чили менен Сальвадор да талапкерлерден болушту, бирок Россияга артыкчылык берилди. Кумдагы футболдон планеталык деңгээлдеги мелдеш биринчи ирет 1995-жылы уюштурулган. 2005-жылга чейин жыл сайын өтүп келген. Азыр 2 жылда бир чогулушат. Бразилия биринчиликти 13 ирет уюштурган өлкө. Франция, БАЭ, Италия, Таити, Португалия, жана Багам аралдары да биринчиликти өткөрүшкөн. Быйылкы жылкы биринчилик 21-ноябрдан 1-декабрга чейин Парагвайда өтөт. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу