Курс НБ на 27.11.2020 $84,7990 €101,0465

КМШ кыйырында: Улуттук олимпиада комитеттерин кимдер башкарат?

Спорт
27 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
673
Тажикстан
Тажикстандын  президенти Эмомали Рахмон үчүнчү жолу өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин башчысы болуп шайланды. Уюмдун уставына ылайык, комитет президенти төрт жылга шайланат. Эмомали Рахмон алгач 2009-жылы, экинчи жолу 2013-жылы шайланган.
 
Азербайжан
Азербайжандын президенти Ильхам Алиев улуттук олимпиада комитетин 1997-жылдан бери жетектеп келет. Европа өлкөлөрү менен теңтайлаша дүйнөлүк биринчиликтерди ж.б. мелдештерди жогорку деңгээлде уюштуруп, спортко өзгөчө мамиле жасаган өлкө катары таанымал.
 
Украина
Украина дүйнөдөгү спорттук өлкөлөрдүн катарына кирет. 2002-2005-жылдары Украинанын премьер-министри болуп турган Виктор Янукович олимпиада комитетин да башкарган. (2010-2014-жылдары Укрананын 4-президенти) 2005-жылдан бери бул кызматты шыргый менен бийиктикке секирүүдөн дүйнөнүн рекордсмени болгон Сергей Бубка олимпиадачылардын төрагасы кызматын аракалап келүүдө.
 
Беларусь
Беларустын президенти Александр Лукашенко 1997-жылдан бери улуттук олимпиада комитетинин башчысы катары да белгилүү. Азыркыга чейин өзү да хоккей ойнойт. Мотоцикл айдап, теннис ойногонду жактырат.
 
Түркмөнстан
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов да спортко жакын инсан. Дайыма ат чаап, ат оюндарына катышат.Автоунааларга кызыгат, автоунаалардын жарышына катышып жүрөт. Көп жылдардан бери өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин жетекчиси катары спортко өзгөчө көңүл буруп келет.
 
Кыргызстан
Кыргызстанда Аскар Акаев президент болуп турганда анын уулу Айдар Акаев УОКтун президенти болду. Бакиев президент учурунда уулу Максим Кыргызстандын күрөш федерациясын башкарып турду, УОКко президент болууга жетишпеди, революция болуп кетти.
 
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.