Курс НБ на 14.11.2019 $69,8500 €76,8979

​Клубдар арасындагы дүйнөлүк биринчилик 2021-жылы Кытайда өтөт

Спорт
30 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
31
Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) Шанхайда өткөн жыйынында футболдон клубдук командалар ортосундагы 2021-жылкы дүйнөлүк биринчилик Кытайда өтөөрү чечилди. ФИФАнын кеңеши бир добуштан ушундай чечим кабыл алды. Анын үстүнө турнирди уюштурууга Кытай жалгыз талапкер катары катталган болчу. 2019 жана 2020-жылкы турнир Катарда өтөт. Азыркы аракеттеги эрежеге ылайык  ага 7 эле клуб катышып келет. Быйыл март айында ФИФАнын кеңеши бул турнирди уюштуруу боюнча жаңы чечим кабыл алды. Ага ылайык эми 2021-жылдан баштап 24 клуб катышат. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу