Курс НБ на 19.02.2018 $68,1667 €84,5131

Кичи футбол: Бүгүн чечүүчү оюн

Спорт
06 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
19

Кытай Тайбэйинде кичи футболдон Азия биринчилиги 1-февралда башталган. Азиянын 16 командасынын катарында Кыргызстан “Д” тобунда Таиланд, Ливан жана Иордания менен бир топто ойноодо. 2-февралдагы 1-оюнда биздикилер Ливан менен тең чыкты- 2:2. 2-оюн 4-февралда Иордания менен өтүп, Кыргызстандын жеңиши менен аяктады- 3:1. Эки оюндан кийин биздин куржунубузда 4 упайыбыз бар. Ливандын да 4 упайы бар. Таиланд 3 упай менен 3-орунда. Иорданиянын азырынча бир да упайы жок. Алар бүгүн Ливан менен ойнойт.Чечүүчү оюнду бүгүн Таиланд менен өткөрөбүз. Кыргызстанга  утулууга болбойт. Жок эле дегенде тең чыгуу керек. Беттешү 17.00 дө башталат.

Асан Жунусов



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу