Курс НБ на 19.09.2019 $69,8488 €77,2458

Казакстандын Президентинин Кубогу Казакстанда калды

Спорт
29 - Август 2019
www.erkintoo.kg
29
Футбол боюнча 16-17 жаштагы уландар командаларынын ортосунда Казакстан Республикасынын Президентинин Кубогу үчүн өткөн эл аралык турнир жыйынтыкталды. 12-ирет өткөн турнирге быйыл 6 команда катышты. Казакстан 16 жана 17 жаштагы уландардан түзүлгөн 2 команда менен катышты. Кыргызстан жана Тажикстандан 16 жаштагы, Литва жана Армениядан 17 жаштагы балдар ойношту. Финалда Казакстан (U-17) – Тажикстан (U-16) ойноп 3:0 эсебинде талаа ээлери жеңишке жетишти да турнирдин жеңүүчүсү болушту. 3-орун үчүн Казакстан (U-16)-Литва (17) беттешинде 2:3 эсеби катталды. 5-орунду Армения (U17) менен Кыргызстан (U-16) талашып, армяндар 2:1 менен утуп кетишти. Турнирди жеңген командага 7, 2-орунга 5, 3-орун үчүн 3 миң доллар сыйлык берилди. Кыргызстан бир да оюнду ута албай акыркы 6-орунду ээлеп кайтты. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу