Курс НБ на 26.10.2020 $80,6300 €95,4498

Казакстандык клубдар оюндан чыгып калды

Спорт
18 - Сентябрь 2020
www.erkintoo.kg
72
Футболдон Европа лигасында казакстандык клубдардын жолу болбоду. Кечээ,   17-сентябрда тандап алуу оюндарынын 2-туру жыйынтыкталды.
 
«Маккаби» (Хайфа, Израиль) – «Кайрат» (Казакстан) - 2:1
 
«Кайрат» конокто «Маккаби» клубуна утулуп калды. «Кайраттын» курамында ойногон 19 жаштагы жердешибиз Гүлжигит Алыкулов оюндун 3-мүнөтүндө эскертүү кагазын алып, 81-мүнөттө алмаштырылды.
 
«Кайсар» (Казакстан) - АПОЭЛ (Кипр) - 1:4
 
Шымкентте өткөн таймашта «Кайсар» алгач эсепти ачканы менен өздөрүнө 4 топ өткөрүп алышты. Еврокубоктогу дебют ийгиликсиз болуп калды. 
 
 
«Астана» (Казакстан) – «Будучность» (Черногория) - 0:1
 
2014-жылдан бери катары менен Казакстандын чемпиону болуп келе жаткан «Астана» Алматы шаарында өткөн оюнда анчалык деле күчтүү деп эсептелбеген черногориялык клубга утулуп калды. Ошентип, быйылкы жылкы еврокубоктук таймаштарда казакстандык клубдар калбай калды. 
 
Асан Жунусов
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу