Курс НБ на 21.05.2018 $68,4500 €80,8155

Карлуш Кейруш Өзбекстанды машыктырабы?

Спорт
07 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
79
Футболдон Өзбекстан курама командасы быйыл Россияда өтчү дүйнө биринчилигине тандап алуу оюндарында жолдомого жетпей калган. Былтыр күз айларынан бери башкы машыктыруучу издеп келет. Бүгүнкү Tribuna.Uz басылмасынын маалыматына таянсак учурда Иран курамасын машыктырып жаткан португалиялык Карлуш Кейруш Өзбекстанда иштөөгө макулдугун бергендиги айтылат. Бирок португалиялык адистин Иран курамасы менен иштөө мөөнөтү быйыл жайында аяктайт. Тагырагы Россиядагы дүйнөлүк биринчиликтен соң билинет. Иран Россияда “В” тобунда Испания, Португалия жана Марокко менен ойнойт.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.