Курс НБ на 06.03.2021 $84,8000 €101,1579

​Каратэчилердин биринчилиги үчүн

Спорт
25 - Январь 2021
www.erkintoo.kg
81
Ош шаарында  жаш спортчулардын 4 жаштан 14 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында спорттун популярдуу түрү  каратэ-донун  биринчилиги үчүн  мелдеш уюштурулду. Турнирди Ош шаарынын дене-тарбия жана спорт комитети  шаардагы  №2 балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби менен биргеликте уюштурду, аны Иран Республикасынын көмөгү менен курулган жаңы  спорттук комплексте өткөрдү. Ачылыш аземинде Ош шаарындагы каратэ федерациясынын президенти  Бекмурза Эргешов куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Салтанаттуу ачылуу аземине Ош шаарынын дене-тарбия жана спорт комитетинин башчысынын милдетин аткаруучу  Бекболот Абакиров,  №2 балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору  Айбек Камалов жана Ош шаардык кеңештин депутаты Ильгиз Капаровдор катышты.
Айбек Камалов турнирге катышкан 200 дөн ашык өспүрүмдөрдүн арасындагы кумитэ түрү боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү  дипломдор, медаль жана спроттук инвентарлар менен сыйлангандыгын айтты. Алардын арасындагы 19 спортчуга  спорттун мастерлигине кандидат деген күбөлүктөр тапшырылды. Беш машыктыруучуга жана спортчуларга эл аралык  каратэ федерациясынын каратэ-до боюнча 2 кара курун тапшырды.
 
Р. Исмаилова
Ош шаары


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу