Курс НБ на 20.10.2020 $81,2050 €95,6676

Каратэ боюнча алтынчы чемпионат Астанада өтөт

Спорт
15 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
759
Жакында эле Түштүк Кореянын Пусан шаарында каратэнин Шинкиокушинкай түрү боюнча 16-ирет өткөн Азия биринчилиги жыйынтыкталды. Мелдешке 20 өлкөдөн 130дан ашык спортчулар катышты. Жигиттер жана айымдар катышкан бул жарышта казакстандык каратэчилерге эч ким тең келе албады. Алар 7 алтын, 1 күмүш жана 6 коло байге алышып, командалык эсепте 1-орунду камсыз кылышты. Бул ийгилик казакстандыктарга эмки жылы Астанада өтчү “Astana Expo 2017” эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында каратэден VI дүйнө биринчилигин өткөрүүгө жол ачты.
 
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.