Курс НБ на 17.11.2019 $69,8500 €76,9922

Испания жеңип, Иран жеңилип калды

Спорт
16 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
40
15-октябрь күнү Испания Стокгольм шаарында Швеция курамасы менен ойноп 1:1 эсебинде тең чыгып кайтты. Бул оюндан соң испандар 20 упай топтоо менен 2020-жылы өтчү Европа биринчилигине жолдомо алган 6-команда болуп калды. Швеция 15 упай топтоп 2-орунда келүүдө.
2022-жылы Катарда өтчү дүйнө биринчилигине тандап алуу оюндарынын алкагында Азия чөлкөмүндөгү командалар ортосундагы оюндар күтүүсүз окуяларга бай болууда. 10-октябрдагы оюндарда ири эсептер катталган. Азияда күчтүү деп эсептелген Иран курамасы Тегеран шаарында Камбоджа курамасын кабыл алып 14:0 эсебинде утуу менен рекорд койгон. 15-октябрь күнү Иран конокто Бахрейнге утулуп калды. Беттешүүнүн 65-мүнөтүндө бахрейндиктер пенальтидин гол кийирип жеңишти сактап калышты. Азыр бул топто Ирак менен Бахрейндин 7ден упайлары бар. Иран 3 оюндан кийин 6 упай менен 3-орунга түшүп калды. Бирок бул убактылуу көрүнүш. Анткени командалар 8 ден оюн өткөрүшөт. Тандап алуу оюндары 2020-жылдын 9-июнуна чейин созулат. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу