Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

​Испания: Лионель Мессиден жаңы рекорд

Спорт
09 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
47
Аргентиналык футбол жылдызы Лионель Месси Испаниянын “Барселона” клубунун футболдук академиясында окуган. 17 жашынан тарта аталган клубда ойноп келет. Жакында эле Испания биринчилигинде “Барселона” “Севилья” клубун 4:0 эсебинде жеңип алды. 4-голду жараткан Месси быйылкы биринчи голун жаратуу менен өзүнүн дагы бир жаңы рекордун белгиледи. Биринчиси – ал Испания биринчилигинде 16-сезонду гол менен баштады. Экинчиси – Месси айып аянтчасынан сырткары, алыскы аралыктан тээп киргизген топторунун саны 100гө жетти. “Барселонада” 2003-жылдан бери ойноп келе жаткан Месси бүгүнкү күнгө карата 455 оюнда 420 гол жараткан. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу