Курс НБ на 13.08.2020 $77,8563 €91,4695

Хоккей: Финалга АКШ менен Канада чыкты

Спорт
05 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
573
Шайба менен ойнолчу хоккейден Канадада өтүп жаткан жаштар арасындагы дүйнөлүк биринчиликте кечээ түнү жарым финалдагы оюндардан соң финалисттер аныкталды. АКШ курамасы Россияны 4:3 эсебинде буллиттердин жардамы менен (футболдогудай пенальти) жеңип алды. Талаа ээлери Канада Швецияны 5:2 эсебинде ишенимдүү утту. Эми Россия жана Швеция бүгүн түнү 3-орун үчүн ойношот. Эртеңки финалда АКШ менен Канада чемпионду аныктайт.
Асан Жунунсов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.