Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

Гүлдөгөн өлкө – гүлдөгөн спорт

Спорт
03 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
32
Спорттун кайсы түрүн алба кирешесинен чыгымы көп экендиги белгилүү. Бирок дал ушул спорт аркылуу өлкөң, элиң дүйнөгө таанылат. Кайсы бир өлкөгө президентиң барса же спортчу жеңсе - өлкөнүн гимни жаңырып, желеги желбирейт. Коңшулаш Өзбекстан илгертеден спортко өзгөчө маани берип келет. З0-октябрда Өзбекстан өкмөтү спортчуларды колдогон дагы бир токтом чыгарды. Ага ылайык өлкө намысын коргоп, олимпиадалык, паралимпиадалык оюндарда жана дүйнөлүк биринчиликтер менен азиялык, паралимпиадалык оюндарда 1-2-3-орундарды жеңип алгандарга ай сайын, өмүр бою берилчү стипендиялардын өлчөмүн бекитти. Машыктыруучуларга болсо бир эле жолу берилчү сыйлыктар каралган.
Олимпиадалык жана паралимпиадалык оюндар:
Алтын медалга – 20 миң доллар;
Күмүш  медаль – 15 миң доллар;
Коло медаль – 10 миң доллар.
Мындан сырткары олимпиадалык оюндардын программасына кирген спорттун түрлөрү боюнча дүйнөлүк биринчиликтерде алдыңкы үч орунду ээлегендерге: 6, 3, 1,5 миң доллар, Азиялык жана Паразиялык оюндарда айырмалангандарга: 2500, 1500, 1000 доллар стипендия берилет.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу