Курс НБ на 18.12.2018 $69,8317 €79,3952

Футболчулар 8,2 млн сом менен сыйланды

Спорт
28 - Март 2018
www.erkintoo.kg
204
Беттеш Азия Кубогунун тандоо раундунун алкагында кечээ, 27-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада өттү. Кыргызстандын курамасы Индиянын футболчуларын 2:1 эсебинде жеңди. Атаандаштардын дарбазасына кыргызстандык командадан Антон Землянухин жана Мирлан Мурзаев гол киргизди. Тандоо этабынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын курамасы А тайпасында 2-орунга ээ болуп, Азия Кубогунун финалдык баскычына жолдомо алды. Жеңиштин арты менен футболчуларга  Кыргызстандын футбол федерациясы тарабынан 120 миң доллар (8 млн 200 миң сом) берилди. Азия Кубогу 2019-жылдын 5-январынан баштап 1-февралына чейин Бириккен Араб Эмираттарында өтөт.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.