Курс НБ на 27.11.2020 $84,7990 €101,0465

Футбол: Уэйн Руни Англия футбол тарыхында

Спорт
23 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
556
Англиянын “Манчестер Юнайтед” клубунун оюнчусу 31 жаштагы Уэйн Руни аталган команданын эң мыкты чабуулчусу катары катталды. Ал өз карьерасында 546 оюн өткөрүп 250 гол жараткан. 250-тобу аны рекордчу катары катталуусуна жол ачты. Себеби,Руниге чейин бул клубда ойногон Бобби Чарльтон 1954-1973-жылдар аралыгындагы оюндардан соң 249 тобу менен рекордчу болуп келген. Ошентип, Руни 40 жылдан кийин Чарльтондун рекордун жаңылап “Манчестер Юнайтед” клубунун тарыхында калды. Рекорд ишемби күнү Англиянын премьер-лигасындагы “МЮ” - “Сток-Сити” командаларынын беттешүүсүндө катталды.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.