Курс НБ на 25.02.2020 $69,8500 €75,8850

​Футбол: Токио олимпиадасына кимдер барат?

Спорт
12 - Февраль 2020
www.erkintoo.kg
32
Токио оимпиадасына футболдон эркектерден 16, кыздардан 12 команда катышат. Эркектер командаларын негизинен 23 жашка чейинки оюнчулар түзөт. Командага  23 жаштан жогорку курактагы 3 тажрыйбалуу оюнчуларды кошууга уруксат берилет. Кыздар командаларында мындай жаш курагын чектөө жок. Жигиттер командаларынан Токиого барчу 14 команда белгилүү болду. Алар:
Европадан (УЕФА) – Германия, Испания, Румыния, Франция;
Африкадан (CAF) –Египет, Кот-д Ивуар, Түштүк Африка Республикасы;
Азиядан (AFC) – Австралия, Сауд Арабия, Түштүк Корея, Япония;
Океаниядан (OFC) – Жаңы Зеландия;
Түштүк Америка (CONMEBOL) – Аргентина, Бразилия;
Түндүк жана Борбордук Америка ((CONCACAF) чөлкөмүндөгү тандап алуу оюндары 20-марттан 1-апрелге чейин Мексикада өтөт. Бул футболдук уюмга (конфедерацияга) 41 мамлекет мүчө. Токио олимпиадасына берилчү жолдомо – 2. Бразилия аракеттеги олимпиада чемпиону. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу