Курс НБ на 17.08.2018 $69,4557 €79,1552

Футбол: Россиянын антирекорду

Спорт
06 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
74
Футболдон Россия курама командасы кечээ Москвада Түркия курама командасы менен жолдоштук беттешүү өткөрүп 1:1 эсебинде тең чыкты. Россия тандалмасын 2016-жылдын август айынан тарта Станислав Черчесов машыктырып келет. Өкүнүчтүүсү россиялыктар 7 оюндан бери жеңишке жетише албай келишет. Утулат же тең чыгат. Кечээки оюнда да ушундай болду. Алгач 1:0 эсебинде утуп баратышып жеңишти колдон чыгарып жиберишти. Ошентип, Черчесов Россиянын футболдук антирекордун жаратты. 14-июнда Россияда дүйнөлүк биринчилик башталат. Россиялыктар өз үйүндө кандай ойнойт? Кандай ийгилик жаратат? Жергиликтүү күйөрмандарды мына ушул суроолор көбүрөөк кызыктырууда.
 
Кечээ күнү өткөн оюндардын жыйынтыгы:
 
Казакстан – Азербайжан - 3:0;
 
Литва – Латвия  - 1:1;
 
Люксембург – Грузия – 1:0;
 
Румыния – Финляндия – 2:0;
 
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу