Курс НБ на 27.11.2020 $84,7990 €101,0465

Футбол: Месси эң бай оюнчу болот

Спорт
20 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
655
Испаниянын “Барселона” клубунун чабуулчусу, аргентиналык Лионель Месси жакында дүйнөдөгү эң бай оюнчуга айланарын Sport.es. порталы жазып чыкты. Январь айынын соңуна чейин “Барселона” клубунун жетекчилери  Месси менен анын оюнчу катары карьерасын аяктаганга чейинки мөөнөткө келишим түзүүгө ниеттенишүүдө. Канча айлык төлөнөөрү ачык айтылган эмес.
Футбол дүйнөсүндө азырынча аргентиналык Карлос Тевес эң көп маяна алчу оюнчу катары эсептелет. Ал былтыр декабрь айында Кытайдын «Шанхай Шеньхуа» клубуна өткөн. Тевес жумасына 615 миң фунт стерлинг (763,5 миң доллар) табат. Ал эми Мессинин азыркы айлыгы жумасына 316 миң еврону (338,5 миң доллар) түзөт.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.