Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

Футбол Караколго чейин жетти...

Спорт
05 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
413
Футболдон Кыргызстандын биринчилиги “бечел” болгону менен курама командабыздын дымагы күчтүү. Көзгө басар оюнчуларыбыз чет өлкөлөрдө ойноо менен тажрыйбаларын арттырып жатышат. Ошого жараша Кыргызстан курама командасы атаандаштары менен теңтайлаша ойноодо. Бирок өлкө биринчилиги аксоодо. Болгону 7-8 команда ат салышат. Атаандаштык анчалык күчтүү эмес. Кыргызстан футбол федерациясы региондорду кыдырып мына ушул маселени чечүүнүн камын көрүүдө.
Мына ушул максатта Кыргызстан футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов Ысык-Көл облусуна барып КР Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаев менен жолугушту. Жолугушууда футбол федерациясы тарабынан Каракол шаарындагы стадиондун базасында мейманкана, 2 чакан жана 2 чоң футбол талаасын куруу жөнүндө сөз болду. Ысык-Көл облусу болсо Кыргызстандын биринчилигинде туруктуу ойной турган команда түзүүсү зарыл. А.Акибаев бул сунушту колдоп акимдер, мэрлер менен кеңешип көрүп чечмей болду.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.