Курс НБ на 30.11.2020 $84,7984 €101,1815

​Футбол: “Кайрат” жана Евстафий Пехлеваниди

Спорт
30 - Октябрь 2020
www.erkintoo.kg
44
Евстафий Пехлеваниди теги грек, Казакстандын Чымкент шаарында 1960-жылы 30-октябрда туулган. Алгач жергиликтүү “Металлург” клубунда ойноп таанылган соң, 1980-жылы “Кайрат” футболдук клубунда ойноого чакырылган. СССРдин жогорку лигасында “Кайрат” үчүн 226 оюнда 69 гол кийирип мыкты чабуулчу аталган. Пехлеваниди алыскы аралыктан дарбазаны көздөй тепкен кубаттуу соккулары менен айырмаланган. 1990-жылы Грецияга көчүп кеткен. Ал жакта “Левадиакос” клубунда үч жыл ойноп карьерасын жыйынтыктагандан кийин машыктыруучулукка өткөн. 2010-жылы 31-октябрда Алма-Ата шаарында өткөн 50 жылдык мааракесинде “Казакстандык голеадор” аттуу китебинин бетачаарын өткөргөн. 2017-жылы 10-майда “Кайрат” клубунун футболдук Академиясы ачылып ага Евстафий Пехлеванидинин ысмы ыйгарылган. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу