
Курс НБ на 25.01.2021 $84,7671 €103,2421

Футбол: ФИФА жыл мыктыларын аныктайт
Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) 2016-2017-жылдардын футболдук сезону боюнча салтка айланган жылдын мыкты оюнчулары менен машыктыруучуларын аныктоону баштады. Азыркы тизмеде 24 оюнчунун, 12 машыктыруучунун жана 10 футболчу айымдын ысымдары көрсөтүлгөн. Эрежеге ылайык ар бир номинация боюнча мыктылар добуш берүү аркылуу аныкталат. Добуш берүүгө улуттук курама командалардын башкы машыктыруучулары, командалардын капитандары, ЖМК өкүлдөрү жана күйөрмандар катыша алышат. Добуш берүү 21-августтан 7-сентябрга чейин жүрөт. Жеңүүчүлөрдүн ысымы 23-октябрда Лондондо белгилүү болот.
Асан Жунусов
Асан Жунусов
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек