Курс НБ на 27.11.2020 $84,7990 €101,0465

Футбол: Эртең Ошто “Дордой” - “Балкан” беттешүүсү өтөт

Спорт
30 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
656
Түркмөнстандын "Балкан" клубунун оюнчулары Ош шаарында үч күндөн бери машыгууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы билдиргендигин Sputnik.kg жазды. Маалыматка ылайык, Түркмөнстандын оюнчулары ишемби күнү Ошко келишкен. Ал эми "Дордой" клубунун оюнчулары жекшемби күнү барышты. Азия футбол конфедерациясынын кубогунун тандоо оюну Ош шаарында 31-январда Ахматбек Сүйүнбаев атындагы стадионунда саат 14:00дө башталат. Ал эми экинчи беттеш 7-февралда Түркмөнстандын Балканабад шаарында өтөт. Билеттер 31-январда стадиондун кассаларында сатыла баштайт.  Азия футбол конфедерациясынын кубогу үчүн беттештер үч тандоо оюну жана негизги турнир менен коштолот. Жыйынтыгында жеңген команда финалга чыгып, негизги турнирге жолдомо алат.
Асан Жунусов
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.