Курс НБ на 19.09.2019 $69,8488 €77,2458

​Футбол: Черчесовдой чебер бол

Спорт
02 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
31
Футбол боюнча Россия курама командасынын башкы машыктыруучусу Станислав Саламовия Черчесов бүгүн 56 жашка толду. Осетин жигити футболдук карьерасын “Спартак” (Орджоникидзе) клубунун дарбазасын кайтаруу менен баштаган. Кийин Москванын “Спартак” жана “Локомотив” клубдарында ийгиликтүү ойногон. Тажрыйбасы артып турганда Германия менен Австриянын клубдарына жөнөгөн. 1990-жылдан баштап СССР курамсына чакырылган. Жалпысынан СССР, КМШ жана Рссия курамасы үчүн 49 оюн өткөргөн. Машыктыруучу катары Австрия, Польша жана Россиянын клубдарын машыктырган. 2016-жылдын 10-августунан бери Россия курамасын машыктырып келет. Айтмакчы 1994-жылкы уулунун аты да Станислав Россиянын 1-лигасында ойногон “Балтика” (Калининград) клубунун дарбазачысы. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу