Курс НБ на 27.11.2020 $84,7990 €101,0465

Футбол: “Барселона” Месси менен 5 жылдык келишим түзөт

Спорт
26 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
616
Испаниянын “Барселона” клубу аргентиналык Лионель Мессиге 5 жылдык, 2022-жылга чейинки жаңы келишим сунуш кылды. Жаңы келишимге ылайык Месси жылына 40 млн евро алат. Алгач “Барселона” жылына 30 млн евро төлөмөй болгон. Бирок, Кытайдын ар кайсы клубдары Мессини өздөрүнө чакырышып 40 млн евро сунушташкан соң, “Барселона” жаңы келишимге ылайык айлыкты көтөрүүгө аргасыз болгон.
29 жаштагы Месси бул клубга 13 жашында келген. “Барселонанын” курамында 8 ирет Испаниянын чемпиону болгон. 4 жолу өлкөнүн Кубогун утса, 4 ирет чемпиондор лигасында жеңүүчү болгон. Дүйнөдөгү эң мыкты оюнчу катары 5 жолу “Алтын топ” сыйлыгын алган.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.