Курс НБ на 27.11.2020 $84,7990 €101,0465

Футбол: Азия Кубогу-2019

Спорт
24 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
1010
Кечээ, Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Даби шаарында, 2019-жылы өтчү Азия Кубогунун тандап алуу оюндарына чүчү кулак кармоо болуп өттү. Кыргызстан “А” тобунда Индия, Мьянма жана Макао курамалары менен ойномой болду. 2019-жылкы биринчиликте биринчи жолу 24 команда ойнойт. Буга чейинки экинчи тандап алуу раундунда 12 өлкөнүн командасы 12 жолдомого ээ болушкан.
 
Алар: Бириккен Араб Эмираттары (талаа ээлери)
          Австралия (2015-жылкы кубоктун жеңүүчүсү)
          Ирак
          Иран
          Катар
          Кытай
          Түштүк Корея
          Сауд Арабия
          Сирия
          Таиланд
          Өзбекстан
          Япония
 
Эми калган 12 команда 3-раунддагы тандап алуу оюндарында тандалат. 24 команда төрттөн 6 топко бөлүнүштү. Өз топторунда 1-2-болгондор 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтчү Азия Кубогунун финалында ойноого укук алышат.
 Топтор төмөнкүчө бөлүштүрүлдү:
 А: Кыргызстан, Индия, Мьянма, Макао
 В: Түн. Корея, Гонконг, Ливан, Малайзия
 С: Иордания, Вьетнам, Афганистан, Камбоджа
 D: Оман, Палестина, Мальдив аралдары, Бутан
 Е: Бахрейн, Түркмөнстан, Кытай Тайбэйи, Сингапур
 F: Филиппин, Тажикстан, Йемен, Непал
Кыргызстан улуттук курамасы качан, ким менен ойнойт?
2017-2018-жылдары улуттук курама 6 оюн өткөрөт:
1. 28-март-Кыргызстан-Макао
2. 13-июнь-Индия-Кыргызстан
3. 5-сентябрь-Кыргызстан-Мьянма
4. 10-октябрь-Мьянма-Кыргызстан
5. 14-ноябрь-Макао-Кыргызстан
6. 27-март (2018-жылы) Кыргызстан-Индия
Быйыл 2 оюнду өз талаабызда калган 3 оюнду сыртта, конокто өткөрөбүз.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.