Курс НБ на 30.11.2020 $84,7984 €101,1815

Футбол: Андрей Тихонов “Астана” клубун машыктырат

Спорт
20 - Октябрь 2020
www.erkintoo.kg
64
 Футболдон Казакстандын 6 жолку чемпиону (2014-2019) “Астана” (Нур-Султан) клубуна россиялык 49 жаштагы Андрей Тихонов башкы машыктыруучу болуп дайындалды. Оюнчу катары Москванын “Спартак” клубунун курамында 8 ирет Россиянын чемпиону болгон. Россияда, Израилде, Казакстандын “Локомотив” (Астана) клубунда ойноп кеткен. Футболдук карьерасын аяктаган соң “Крылья Советов”, “Спартак” (Москва), “Краснодар”, “Енисей” клубдарын машыктырган. “Астана” клубунун мурдагы башкы машыктыруучусу быйыл жыл башында дайындалган чехиялык Михал Билек командадагы начар көрсөткүчтөрү үчүн кызматынан алынган. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу