Курс НБ на 25.01.2020 $69,8443 €77,1640

Финляндия Европа биринчилигинде дебют жасайт

Спорт
19 - Ноябрь 2019
www.erkintoo.kg
53

Футболдон Финляндия курамасы өз тарыхында биринчи жолу Европа биринчилигинин финалдык бөлүгүндө ойноого жолдомо алды. Финляндия өз тобунда Италиядан кийин 18 упай топтоп 2-орунду камсыз кылды. 2-орунга талапкер болгон Греция 14 упай менен 3-орунда калып калды. Айтмакчы бүгүнкү күнгө карата 10 мамлекет Европа чемпиону болууга жетишкен болсо, Грециядан башкалары 2020-жылы өтчү Европа биринчилигине жолдомо алышты. Жалгыз Греция гана чыкпай калды. Финляндия футболдук союзу 1907-жылы түзүлүп, 1908-жылы ФИФАга мүчө болгон. (АЖ)

 



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу