Курс НБ на 17.12.2018 $69,8320 €79,0708

ФИДЕ: Бийлик алмашты

Спорт
05 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
182
Эл аралык шахмат федерациясынын жаңы президенти болуп россиялык Аркадий Дворкович шайланды. Грузиянын Батуми шаарында өткөн жыйында ФИДЕнин президенттигине талапкер катары үч адамдын ысымы аталган. Алар: россиялык Аркадий Дворкович, ФИДЕнин вице-президенти, грециялык Георгиос Макропулос жана британиялык гроссмейстр Найджел Шорт. Добуш берүүнүн алдында Найджел Шорт өз талапкерлигин алып салып, А. Дворковичти колдоорун билдирди. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Дворкович 103, Макропулос 78 добушка ээ болушту. Көпчүлүк добушка ээ болгон Дворкович 3-октябрдан тарта жаңы кызматына киришти. 46 жаштагы саясатчы жана экономист Дворкович Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрага орун басары, президенттин кеңешчиси кызматтарын аркалап келген. Азыр Россия темир жолчулар ААК  (ОАО «РЖД») директорлор кеңешинин төрагасы. Буга чейин ФИДЕни  россиялык Кирсан Илюмжинов 1995-жылдан тарта 23 жыл жетектеп келген.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу