Курс НБ на 21.05.2018 $68,4500 €80,8155

Эркин күрөшчүлөр Иранда эл аралык мелдешке катышат

Спорт
07 - Февраль 2018
www.erkintoo.kg
91
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2018-жылга болгон негизги эл аралык жана республикалык мелдештердин календарлык планына ылайык Азия чемпионатына ийгиликтүү даярдануу үчүн Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөлөрү Иранда өтө турган эл аралык мелдешке жөнөтүлдү. Өлкө намысын 10 балбан коргойт.
“TAHTI CUP” деп аталган мелдеш 7-февралдан 10-февралга чейин Ирандын Табриз шаарында өтөт. Курама жаат Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланууда. Дирекциянын бюджетинен 515 миң сом каралган.
Булак:  www.sport.gov.kg 
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.