Курс НБ на 28.02.2020 $69,8500 €77,0760

​Эльдор Шомуродов Германияга кетеби?

Спорт
08 - Январь 2020
www.erkintoo.kg
64
Өзбекстандык бир катар басылмалар Россиянын “Ростов” футболдук клубунун чабуулчусу 24 жаштагы Эльдор Шомуродов Германиянын “Шальке 04” клубунан чакыруу алганын жазып чыгышты. Аталган клуб Шомуродов үчүн 15 млн евро төлөп берүүгө даяр. Бул сумманын 10 миллиону накталай берилип, калганы жыл аягына чейин которулат. Эльдор Шомуродов 2015-жылдан бери Өзбекстан улуттук курама командасынын намысын коргоп келет. 2017-жылдан тарта “Ростов” клубунда ойнойт. Бою-190 см. Россия биринчилигинде мыкты чабуулчу катары таанылып, дүйнөнүн бир топ клубдарын кызыктырып келет. Кайсы клубга өтөөрү кышкы каникулдан соң белгилүү болот. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу