Курс НБ на 27.11.2020 $84,7990 €101,0465

"Дордой" менен "Балкандын" беттешин Ошто 100 сомго көрүүгө болот

Спорт
20 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
590
 Эки команданын биринчи беттеши Ошто өтсө, экинчиси Түркмөнстанда болот. "Дордой" менен түркмөндөрдүн "Балкан" командасынын беттешинин билет баасы 100 сом болот. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди. "Дордой" менен "Балкан" командаларынын оюнун ливандык калыстар тейлейт. Аталган Азия футбол конфедерациясынын кубогунун тандоо оюну Ош шаарында 31-январда Ахматбек Сүйүнбаев атындагы стадионунда 14:00дө башталат. Ал эми экинчи беттеш 7-февралда Түркмөнстандын Балканабад шаарында өтөт.  Билеттер 31-январда стадиондун кассаларында сатыла баштайт.  Азия футбол конфедерациясынын кубогу үчүн беттештер үч тандоо оюну жана негизги турнир менен коштолот. Жыйынтыгында жеңген команда финалга чыгып, негизги турнирге жолдомо алат.
Булак: Sputnik


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.