Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,8979

«Дордой» дагы утулду

Спорт
02 - Май 2019
www.erkintoo.kg
133
 Азия футбол конфедерация (АФК) Кубогунун алкагында «Д» тайпасында кечээ 1-майда Душанбе шаарында 3-турдагы оюнда жергиликтүү«Истиклол» менен Бишкектин «Дордой» клубу беттешти. Тажикстандын чемпиону «Истиклол» Кыргызстандын чемпиону «Дордойду» 4:1 эсебинде талкалады. 2-турдагы оюнда 17-апрелде Тажикстандын вице-чемпиону, облустук деңгээлдеги «Худжанд» клубу «Дордойду» 3:1 менен уткан болчу. «Дордой» 3 оюндан кийин 1 упай менен акыркы орунда келүүдө. «Дордойдун» утулганына көнүп деле калдык. Бирок бул оюндардын жыйынтыгы Кыргызстан улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестининге тескери таасирин тийгизбесе эле болду.  (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.