Курс НБ на 27.11.2020 $84,7990 €101,0465

Допинг чыры Усэйн Болтко да жетти

Спорт
26 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
576
Ямайка жеңил атлетчиси Усэйн Болт жана анын курама командасындагы өнөктөштөрү 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиадада жеңген алтын медалдарынан кол жууп калышты. Бул тууралуу РИА Новости эл аралык Олимпиадалык комитетке таянып билдиргендигин Sputnik.kg жазып чыкты.
 Мунун себеби команданын мүчөсү Неста Картердин допинг колдонгондугу кайрадан текшерилип, жыйынтыгында тыюу салынган дарыдан метилгексанамин табышкан. Мындан улам, 4х100 метрди чуркаган эркектердин эстафетасы жокко чыгарылып, жеңил атлетчилер медалдарын кайра кайтарып бериши керек болуп калды. Ал эми Картер жарым жылга квалификациясынан ажырайт. Бул жыйынтык жокко чыгарылгандыктан Болт сегизинчи жолку олимпиада чемпиону болуп калды. Буга чейин белгилүү жеңил атлетчи Болт интервью берип жатып, медалды өткөрүп берүүгө даяр экендигин бирок, анын жүрөгү жараланып калаарын билдирген. 2008-жылкы Олимпиаданын алтын медалы эми Тринидада жана Тобагонун командаларына ыйгарылса, күмүш медалды япон жеңил атлетчилери тагынып, коло медаль бразилиялыктарга берилет.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.