Курс НБ на 17.08.2018 $69,4557 €79,1552

Дүйнөнүн эң кымбат футболчусу

Спорт
06 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
103
Англиялык футболчу, “Тоттенхем Хотспур” клубунун чабуулчусу, 24 жаштагы Гарри Кейн дүйнөдөгү эң кымбат футболчу деп табылды. Бул Спортту изилдөө боюнча эл аралык борбор тарабынан чыгарылуучу Football Observatory журналынын рейтингинен белгилүү болду.
Басылманын маалыматы боюнча аталган оюнчунун трансфедик баасы 201,2 миллион еврого бааланган. Экинчи орунга франциялык “Пари Сен-Жермен” клубунун чабуулчусу Неймар жайгашты – анын баасы 197,5 миллион евро. Үчүнчүлүктү ушул эле клубдун чабуулчусу Киллиан Мбаппе (186,5 миллион евро) ээледи.
Биринчи ондукка кийинки оюнчулар киришти: Лионель Месси (“Барселона”) - 184,2 млн евро, Мохаммед Салах (“Ливерпуль”) - 171,3 млн евро, Деле Алли (“Тоттенхэм”) - 171 млн евро, Кевин де Брёйне (“Манчестер Сити”) - 167,2 млн евро, Антуан Гризманн “Атлетико” - 164,5 млн евро, Паоло Дибала (“Ювентус”) - 164,2 млн евро жана Ромелу Лукаку “Манчестер Юнайтед”) - 163,4 млн евро.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу