Курс НБ на 22.03.2019 $69,7563 €79,1281

Депутаттар Россияда өткөн эл аралык парламенттик оюндарга катышты

Спорт
24 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
245
Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын мамлекеттик думасынын чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары 18-22-октябрь күндөрү Федералдык Жыйындын 25 жылдыгына арналган Эл аралык Парламенттик оюндарга катышты. Кыргыз депутаттары кичи футбол, шахмат, бильярд жана дартс боюнча таймаштарда оюн көрсөтүшкөн. Жыйынтыгында дартс боюнча депутат Бактыбек Турусбеков экинчи орунду ээлесе, Дастан Бекешев “Жеңиш үчүн көрсөткөн кайратмандык” сыйлыгына, Ильхом Маннанов “Эң мыкты коргоочу” наамына ээ болушту. Оюндун алкагында Россия парламенти менен дүйнө парламенттеринин депутаттарынын ортосунда футбол боюнча ири таймаш өтүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары Бакыт Төрөбаев, Бактыбек Сыдыков жана Жаныбек Бакчиев катышты.  
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.