Курс НБ на 20.10.2018 $69,3251 €79,3703

Дарьянын Дүйшөмбүдөгү ийгилиги

Спорт
24 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
112
21-апрель күнү Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынын күнү белгиленди. Жыл сайын мааракеге карата жарым марафондук, 21 км 97,5 метрге жарыш өткөрүлөт. 9-ирет өткөн эл аралык марафондук мелдешке быйыл 15 өлкөнүн жөө күлүктөрү катышты. Быйылкы жарышта жигиттер арасында Эфиопия өлкөсүнүн өкүлү жеңүүчү болду. Кыздар арасында ушул эле аралыкка чуркоодо жердешибиз Дарья Маслова алдына эч кимди чыгарган жок. Былтыркы мелдеште да эфиоп жигити менен кыргызстандык кыз Виктория Полюдина жеңүүчү болушкан. Жигиттер арасында Адилет Кыштакбеков менен Илья Тяпкин 4-5-орундарды ээлешти. Адилет бул ирет былтыркы 3-орунга жеткен ийгилигин кайталай алган жок.
Асан Жунусов
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.